www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Kaktus.media сайтына билдиргендей, буга чейин журналист Санрабия Сатыбалдиева УКМКга суракка чакырылган.

Анын айтымында, Сатыбалдиева менен жакшы тааныш. Журналисттин кармалганын кечээ кечинде угуп, ал кош бойлуу жана эки жашка чыга элек баласы бар болгондуктан, анын бошотулушуна үмүт арткан.

«Менин билишимче, дагы бир журналист анын дарегине арыз жазып, анын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча айткан сөздөрүнүн негизинде социалдык тармактагы Шаирбек Ташиев тууралуу кандайдыр бир материалды же билдирүүнү өчүрүүнү суранган», - деди Икрамов.

Ал белгилегендей, буга чейин Сатыбалдиева УКМКга суракка чакырылып, соцтармактардагы билдирүүлөрү үчүн «коркутушкан».

"Кармоонун өзү абдан кызык. Курьердин ролун Өзбекстандын жараны болгон кайсы бир таксист аткарган. Мен анын кармалышын "подстава" деп эсептейм", - деп жыйынтыктады Икрамов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости