www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынынды депутаттар Балбак Түлөбаев менен Сүйүнбек Өмүрзаков Тажикстан кайрадан кол салууга даярданып жатканын билдиришти.

Сүйүнбек Өмүрзаков тажик аскерлери чек арада беймарал курал-жарак алып келип, окопторду казып жатышканын билдирди.

"Акыркы күндөрү маалымат каражаттарында Баткен облусундагы Головной деген жерге тажик жарандары курал жарак ташып жатат деген маалымат тарап жатат. Тажикстан менен өткөндө тынчтык келишими боюнча протоколдорго кол коюлган. Муну кантип түшүнсө болот? Алар беймарал курал-жарак алып келип, окопторду казып жатышат. Мага баткендик жаш балдар келип, тажик тараптын даярданып жатканын, оор техникалары алыска кетпегендерин айтышты. Бул боюнча тажик тарап менен жолугушуу өткөрүү керек. Унчукпай отура берсек кандай болуп калат? Буга чейин да ал жактагы жарандар тажик аскерлеринин аракеттери жөнүндө бир топ айтып келишкен. Анын жыйынтыгын баарыбыз билебиз. Тез арада ушул боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек.

Биздин саныбыз аз деп айтпаш керек. Биз кубаттуу мамлекетпиз. Санга эмес, сапатка карайт. Бир катар мамлекеттик кызматкерлер саныбыз аз, этият болуубуз керек деп жатышат. Биз суверендүү мамлекетпиз. Антип айтканыбыз туура эмес", - деп билдирди Сүйүнбек Өмүрзаков. 

Анын сөзүнө депутат Балбак Түлөбаев да макул болду.

"Сүйүн Өмүрзаков туура айтууда. Тажикстан даярданып жатат. Бул тууралуу Коопсуздук органдарынын кабары бардыр. Мен Орто Азия лидерлерине кайрылат элем. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чыкккан өрт жалгыз гана бизде калбайт, бүткүл Орто Азияны өрттөйт. Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстандын баарын өрттөйт. Монголиядан Каспийге чейин, Ирандын чек арасын баарын өрттөйт. Орто Азиядагы стабилдүүлүк Кыргызстан менен Тажикстандан башталат. Эгер бизде согуш болсо, анда Орто Азияда да тынчтык болбойт. Баарыбыз күйөбүз. Эки өлкө согуша берсин, биз четте карап турабыз деген болбойт. Эгерде Тажикстан агрессиясын улантса анда Путиндин бетине түкүргөн болот. Себеби Владимир Владимирович жакында эле орден берди. Сыйлыкты алып анан кайра окоп казып, расмий органдары чагымчылдык уюштуруп жатат", - деди депутат Түлөбаев.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости