www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Кытайга окшоп, коррупционерлердин акчанын суммасына карап, колун кесиш керек, болбосо атууга бериш керек. Мына ошондо гана мамлекетибиз алдыга жылат". Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов депутаттык комиссиянын жыйынында айтты.
"Бүгүнкү күндүн абалы кандай. Бирөөсү жооп берген жок. Сотко барат, жеген акчасынан берип, чыгып кетет. Келген акчаны жеп коет, элдин эсебинен төлөш керек болот. Эч кандай жыйынтык жок. Эртең өзүнөн эмес, бала-чакасынан корко тургандай мыйзамдарды кабыл алыш керек. Болбосо Кытайга окшоп, коррупционерлердин суммасына карап, колун кесиш керек, болбосо атууга бериш керек. Мына ошондо гана мамлекетибиз алдыга жылат. Баары эле коррупционер болуп алды. Келгендин баары жеп жатат. Бирөөсү камалган жок. Миллиондогон евролор жоголуп жатат", — деди депутат.
Булак: NazarNews.kg