www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы жылдары Жогорку Кеңештин депутаттарына болгон коомдук талап бир кыйла жогорулады. Мындан улам, шайлоочулар эл өкүлдөрүнөн мыйзам чыгаруу сапатынын жогорулашын, ачык-айкындуулукту жана элдин реалдуу көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган демилгелерди күтүшөт. Ушул контексттен алып караганда депутат Махабат Мавлянованын ишмердүүлүгү чеке жылытпайт десек аша чапкандык болбойт.
Ырасында Махабат айымдын мыйзам чыгаруудабы, же коомдогу талылуу маселелерди көтөрүп, акыйкатты, чындыкты айтуудабы, саясий эрки, активдүүлүгү жетишсиз экени байкалат.
Албетте, олутуу көйгөйдү көтөрүү үчүн деңгээл, даремет, билим, тажырыйба керек. Ошондон уламбы, болбосо болгон көрөңгөсү ошолбу, Махабат айымда эл өкүлү катары калктын жүгүн көтөрүүгө чама-чаркы чектелүү болуп жаткандай таасир калтырат.
Дегенбиз, элдин көңүлүн буруу үчүн жеңил-желпи пиарга басым коюп, аш басып өзүн мыкты ашпозчу кылып, тамак жасап, чай ичкенин жумурай-журтка жар салып, эси ооп, кыйналып жатат. Албетте, аял заты катары, тамакты жакшы жасаганы маанилүүдүр, бирок эл өкүлү катары курч көйгөйлөрдү айтып, мыйзамдарды жазууга ашпозчулугунун анчейин жарыгы тийбей турганын айтып коюу парз. Балким, Кыргызстандагы баардык ресторандардын үстүнөн караган менеджерлик кылса майын чыгармак.
Себеби, депутат элдин көңүл чордонунда болуш үчүн турмуш-тиричилигин жарнамалоо менен алек болбостон, коомдук маселелер боюнча так жана принципиалдуу позициясын билдирип, акыйкатты айтыш керек.
Арийне, тоок “менин деле канатым бар, көкөлөп уча алам” деп ойлойт экен. Бирок ага чамасы келбегендиктен, өзүнө айланасындагылардын көңүлүн буруу үчүн, туурунда какылдап үн салганды өздөштүргөн. Эми бул табияттын мыйзамы. Адам баласы деле табияттын бир бөлүгү эмеспи...
Демек, азыркы кезде заман талабына шайкеш билим, интеллектуалдык деңгээл талап кылынган шартта, айрымдар өзүнө чоң келген кызматка барып алышып, натыйжада, элге жакшы кызматкер, түшүнүктүү жар, мыкты ашпозчу болуп көрүнүүгө далалат жасап, өзүнүн негизги функционалдык милдетин унутта калтырып, жеңил-желпи көрүнүштөргө басым коюп, алапайын таппай калып жатышат.
Ошол себетен, элибиз “чымчыкты сойсо дагы касапчы сойсун” деп бекер айтпаса керек. Чама-чаркыбызга карабай, базарда отуруп, соода-сатыктан аз-маз акча таап, капчыгыбыз калыңдай түшсө эле, “саясаттын упчусун соруп” көргүбүз келе бергенди токтотуп, “мурдубузга карап бышкырып, тишибизге карап ышкырып, жуурканыбызга карап бут сунганыбыз” өлкөгө да, элге да пайдалуу болмок.
Президенттен “аброй сураган” парламенттен кандай мыйзам күтсөк болот же өзүбүз эле башыбызды ташка чабалыбы ыя?!