www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин VII чакырылышына бир мандаттуу №36 Ысык-Көл шайлоо округунан депутат болуп Максатбек Сарбагышев деген шайланган. Бүгүнкү күнгө чейин бары-жогу билинбейт. Олуттуу маселе көтөрүп, омоктуу ой айтканын эч ким көрө элек. Дээринде жокпу же билими жетишпейби, айтор ооз ачып үн каткандан коркот.
Билими демекчи, жогорку билими жок, диплому жасалма экени көптөн бери айтылып келет. Учурда диплому жасалма эки депутат мандатынан ажыратылды. Баарына текши мыйзам чегинде жоопкерчилик каралган болсо, Максатбек Сарбагышевдин дагы диплому текшерилип, тиешелүү чара көрүлүшү абзел. Ак карга болсо да эмне болуптур?..
Айтмакчы, диплому жасалма экени чындап аныкталса, мыйзам алдында сөзсүз жоопкерчиликке тартылууга тийиш. Себеп дегенде, депутат болгонго чейин Чон-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы, Ысык-Көл районунун акими болуп иштеген. Демек, мамлекеттен алган каражаттарды казынага кайра кайтарышы кажет болот.
Булак: NazarNews.kg