www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Бишкек шаарынын Биринчи Май районуна иш сапары менен барып, Үмүт жаңы конушунун жана Пригородное айылынын тургундары менен жолугушту.
Анда социалдык-инфраструктуралык бир катар көйгөйлөр көтөрүлүп, анын ичинде суу, газ менен камсыздоо, жолдорду асфальттоо, жер тилкелерин мыйзамдаштыруу сыяктуу маселелер айтылды.

Тургундар ошондой эле аймакка спорттук, футбол жана балдар аянтчаларын курууну, ФАП (фельдшердик-акушердик пункт) жана дарыканаларды ачууну өтүнүштү.
Эл өкүлү Марлен Маматалиев жашоочулардын кайрылууларын жеринен угуп, алар боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирге иш жүргүзүлөрүн билдирди. Муну менен катар ар бир маселенин чечилиши жеке көзөмөлүнө алынарын да кошумчалады.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттары 29-декабрдан 31-декабрга чейин аймактарда шайлоочулар менен иштешет.
