www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Миргүл Темирбаева мектептердеги мыйзамсыз акча чогултуулар үчүн айып пул салууну сунуштап жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Маалымкат-негиздемеде белгиленгендей, мыйзам долбоору мектептерде акысыз билим алуу укугун камсыз кылуу, мыйзамсыз акча чогултууну, анын ичинде мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүү аркылуу акча каражатын чогултууну алдын алуу максатында иштелип чыккан.

Депутат буга чейин президент Садыр Жапаров мыйзамсыз акча чогултууга жана мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салганын эске салды. Финансы министрлигине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, Бишкек жана Ош мэрлерине мектептерди оңдоого жана керектүү жабдууларды сатып алууга зарыл болгон каражаттарды жыл сайын бөлүп берүү тапшырылган.

 Бирок президенттин жарлыгы менен тыюу салынганына карабастан, мектептерде акча чогултуу уланууда.

Ошондуктан Миргүл Темирбаева мыйзамсыз акча чогултуу фактылары аныкталган учурда Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартууну сунуштоодо. Ал мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында (1-класстан 11-класска чейинки мектептер) акча каражаттары мыйзамсыз чогултулган учурда жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (20 миң сом), мектептерде коомдук фонддорду түзүү аркылуу акча чогултуулар үчүн жеке жактарга 400 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (40 миң сом), юридикалык жактарга 600 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (60 миң сом) айып пул салууну демилгелеп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости