www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Айбек Алтынбеков мэр Эмил Абдыкадыровдун түтүн менен күрөшүү маселеси боюнча Жогорку Кеңештин жыйынына келбей койгонун шаарды жана шаардыктарды сыйлабастыктын көрүнүшү катары баалады.
«Мэрдин келишин кагаз жүзүндө мен сунуш кылгам. Анын бул жакка келбегени сыйлабастыктын белгиси. Бишкекте түтүн пайда болгондо, ага каршы биринчи кезекте шаар мэри чара көрүшү керек. Шаардын тазалыгы, жарандардын саламаттыгы биринчи мэрдин көңүл чордонунда биринчи орунда болушу керек», - деди ал.
Депутат жыйынга мэрди чакырып, ал келбесе, парламенттин токтомуна анын кызмат ордун кароо пунктун киргизүү керектигин белгиледи.
«Биз анын кантип иштээрин билебиз. Ал өзүнүн курулуш компанияларына, өзү үчүн жер алат. Бул тууралуу баарыбыз билебиз. Ал курулуш үчүн гана келген. Бул киши бардык майлуу-сүтүү жерлерди өзүнө алуу үчүн келген. Ал шаарды жана шаардыктарды ойлобойт», — деп айыптады Алтынбеков борбордун мэрин.
Андан сырткары Мирлан Самыйкожо баштаган бир топ депутаттар да шаар мэрин сынга алышты.
Депутатка жооп берген вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев бул маселе каралып, мэрди кызматтан алуу сунуштамасы президентке жиберилерин айтты.
Булак: NazarNews.kg