www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик ипотекалык компанияда каражат жана имидж жетишпейт. Бул тууралуу 9-декабрда Жогорку Кеңештин «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев билдирди.
Депутат Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрайымы Аида Төлөгөновага МИК жакшы иштеши үчүн кандай жардам берүү керек деген суроо менен кайрылды.
«Сиздердин кызыкчылыктарыңыз коммерциялык банктардын кызыкчылыгынан жогору болушу керек. Силер мамлекеттин атынан иш алып барасыңар. Компанияга кантип жардам бере алабыз?», - деди ал.
Ал эми, депутат Камила Талиева МИКтин ишинин кечеңдеп жатканы боюнча суроолорго «сунуштар банктарда каралып жатат» деген жооптор айтылаарын билдирди.
Ал белгилегендей, отчеттуулук банктардан эмес, МИКтен талап кылынат, андыктан бул себеп канааттандырарлык эмес. «Бизге «банктардын кароосунда» деген жооптун кереги жок, бизге жыйынтык керек», - деп кошумчалады К.Талиева.
МИКтин жетекчиси өз кезегинде бүгүнкү күндө банктардын ортомчулугусуз иштөөгө мүмкүндүк берүүчү механизмдер иштелип жатканын билдирди.
Булак: NazarNews.kg