www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Ибраев финансылык технология боюнча мыйзам долбоорун демилгелеген. Документте Улуттук банкты көз карандысыздыгынан ажыратуу сунушталган. Буга башкы банк каршы чыккан. Ал ортодо депутат Абдыгуловдун дарегине бир катар сын айткан. Ибраевдин оюу боюнча ушул мыйзам менен Улуттук Банкты парламентке көз каранды кылып алып, жетелеп алуу керек болгон. Деги депутаттарга деле тойдук. Депутаттар парламентке мушташуу үчүн келгенби деген ой кетет экен. Экс-депутат Токон Шайлиева аялзаты болсо да эркектердин манжасын чыгара мушташканды жакшы көрө турган. Андан Алтынбек Сулайманов деген боксер-депутат чыгып баш көтөргөн депутаттардын мурдун канатып, жайлай турган. Бешинчи парламенттин дагы бир депутаты Мадеминов Текебаев менен мушташам деп тепеңдеп турчу. «Чимкирик» депутаттардын ичинен «эркектикти көрсөтөм» деп жулунуп турган депутаттары Мирлан Жээнчороев менен Самат Ибраев болушту. Мейли экөөнүн колун кармабай мушташтырып койолу, кимиси эркек экенин байкайлы.  Анткени, парламент трибунасынан депутат Самат Ибраев: «Жээнчороевге мен «эркекче жекеме-жеке» чыгышым керек»-деди. Отставкага кетип жаткан Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов парламенттин жыйынына келип, кызматтан кетип жатканынын себеби боюнча эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жаткан. Жыйын учурунда сөз алган депутат Самат Ибраев кесиптеши Мирлан Жээнчороевге кайрылып: «Менин дарегиме ар кандай терс пикирлер айтылып жатат. Бири-бирибизге андай сөздөрдү айтпайлы. Мирлан Жээнчороевге ушундай сунуш айтат элем, мен сиз менен эки гана жолду көрүп турам. Же мен соттошушум керек же эшикке чыгып эркекче жекеме-жеке чыгып мушташышым керек», – деп ызырынды.

Жооп кайтарган Мирлан Жээнчороев эч кимдин атын атабаганын айтып, соттошконго даяр экенин билдирди. Буга чейин депутат Жээнчороев «Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду эл аралык шылуундар ар кандай акция, коомдук угуулар, Жогорку Кеңештин трибунасын колдонуу кетиргендей болуп калды», – деген пикирин айткан болчу.

Кызматтан кетип жаткан Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов анын ишин сындаган депутат Самат Ибраевге жооп берди. Анткаени Самат мырза жыйында кийин дагы катачылыктар кетпеши үчүн Улуттук банктын жети жылдык ишине аудит жүргүзүү керектигин айткан. Ал финансылык сектордо тартип болсо, бардык жакта тартип болот деген пикирде. Андан соң Абдыгулов сөз алып эртең эркин адам болгондо депутатка карата айтчу кеби бар экенин кыйытты. «Мен Самат Кулукеевичке рахмат айткым келет. Рахмат сизге! Аман-эсен ийгиликтүү иштегиле! Биз мамлекеттик кызматкер болгондуктан этика бар да. Мен эч качан сизди жамандаган эмесмин. Эртеңден баштап эркин адам болгондо менин деле айтчу сөзүм бар. Сиздин ишиңизге ийгилик», — деди Абдыгулов эми Ибраев менен күч сынашаарын билдирип.

Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган:  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости