www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин “тарс этмей” депутаты Рыскелди Момбеков, Бажынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимов тууралуу кесиптештерине “Супер TV” каналына ачуу сын-пикирин айтты.

--Райымбек Матраимовдун партиясына кирип партиясы менен шайлоого баргандар кечээ митингге барышы керек болчу. Барса жигитчилик кылмак, барбагыны итчилик. Эгерде мен Матраимовдун партиясы “Мекеним Кыргызстан” менен шайлоого барган болсом, кечээ митингге бармакмын. Бул менин жигиттик сөзүм. Анткени морал дегени бар да. Кантип сен аны кыйын кезде таштап барбай коёсуң? Кечээ эле ошонун көзүн карап тизмесине кириши үчүн айланып жүрбөдүң беле? Бүгүн аны камакка алып атса барбай койгону туура эмес. Экинчи четинен Райымга дагы чала дегиң келет да. Жалаң Кудайдан жөө качкандарды партиясына чакырып алганда. Мына кечээ көргөздү да, мурун эле Атамбаев менен Жээнбековду саткандар кечээ Райымды сатышпадыбы? Саткын саясатчыларды бир нерсени күтүштүн анчалык кажети жок. Негизи барып койсо болмок, мына Табылды Тиллаев барды, мен анын колун “молодец” деп кармагып келип жатат. Жакында бир топ депутаттар Атамбаевге киребиз деп жатабыз, бул жерде саясат жок. Бул - адамгерчилик. Ал коррупционерби же миллионерби кеп анда эмес, кеп сенин адамгерчилигиңде. Кеп сен ошол менен алака түзүп, партиясы менен саясатка аттандың, анан ал киши абакка аттанганда сен акыйкат сөздү айталбай койдуң, бул жигитчилик эмес – итчилик! – деди депутат Момбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости