www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жагымпоздук жарга такабайбы? Жогорку Кеңештин чимкирик депутаты Сайдулло Нышанов президент кезинде Атамбаевге «Кыргыз эл Баатырын» берели деп жатып бердирген. Жогорку Кеңештин дагы бир чимкирик депутаты Кубанычбек Жумалиев Ош-Бишкек альтернативдүү жолуна Атамбаевдин атын ыйгаралы деп жүрүп суу кечпей калды. Анын бул тилеги ишке ашпай калды.

Жогорку Кеңештин мурдагы чимкирик эмес депутаты Номанжан Аркабаев президент Садыр Жапаровду Нобель сыйлыгына көрсөтүүнү сунуштады. Ал Садыр Жапаровду Кыргызстандагы адам укугун коргоо, мыйзамдуулукту камсыз кылуу багытындагы талбаган аракеттери үчүн аталган сыйлыкка көрсөтүү зарыл деп эсептейт.

«Ал мамлекетибизде мыйзамдуулукту орнотуу, адам укугун коргоону күчөтүү багыттарында соңку 15 жылдай мезгилде башына түшкөн тозоктун оор, тирүү жан чыдагыс сыноолоруна карабастан, бул багыттагы күрөштүн башында туруп келди. Бир кезде адам укугун коргоого өз өмүрүн арнаган, кийинчерээк ЮАРдын Президенти болуп шайланган Нельсон Манделага адам укугун коргоодогу кошкон салымы үчүн Нобель сыйлыгы ыйгарылган. Биз да, кыргыз коомчулугундагы прогрессивдүү күчтөр, мекенчил Садыр Нургожоевичтин талапкерлигин Нобель сыйлыгына көрсөтүүгө неге болбосун? Ал Кыргызстандагы өзүнүн адам укугун коргоо, мыйзамдуулукту камсыз кылуу багытындагы талбаган аракеттери үчүн Нобель сыйлыгына татыктуу экендиги талашсыз. Урматтуу мекенчилдер, келгиле ушул идеяны ар тараптан колдоп чыгалы жана иш жүзүнө ашыралы», – деп жазат Аркабаев.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews

Последние новости