www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева мектеп окуучулары үчүн басылып чыккан окуу китептеринин мазмунун жана Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйүнүн ишмердигин текшерүүнү сунуштады. Бул демилгесин ал парламенттин 24-сентябрдагы жыйынында көтөрдү.

Талиева ата-энелерден окуу китептеринин сапаты жана мазмуну боюнча сын-пикирлер түшүп жатканын айтып, айрым китептерде тексттердин сапаты начар, каталар жана түшүнүксүз тапшырмалар бар экенин белгиледи. Ал маселени укук коргоо органдары аркылуу текшерүүнү сунуштады.

Ал эми «Окуу китеби» басма үйү социалдык тармактарда сынга алынган китептер 11 жылдык билим берүү системасына тиешелүү экенин жана алар мекеме тарабынан чыгарылбаганын билдирди. Учурда 12 жылдык билим берүү моделине ылайык жаңы окуу китептери даярдалып жатканы айтылды.

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жаңы китептер окуучулардын турмуштук көндүмдөрүн жана өз алдынча ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталганын билдирген.

Последние новости