www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияда иштеген эмгек мигранттарынын акча которуу көлөмү кескин түшүп кетти. Быйыл өткөн 5 ай аралыгында 200 млн доллар каражат кем которулду. Алардын акча которуусун 500 доллар, жанында алып келүүсүн 300 доллар менен чектеп коюшуптур. Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондуктан, мындай чектөөлөрдүн коюлганы туура эмес. Өкмөт тезинен ушул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мындай көйгөйдү чечиши керек. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда ЖК депутаты Сагындык Келдибаев Жогорку Кеӊештин “Ар түрдүү маселелер” жыйынында билдирди. Бул тууралуу ЖК Басама сөз кызматы жазып чыкты.

«Эмгек мигранттары чет өлкөлөрдө иштегени менен, Кыргызстандын өнүгүшүнө чоӊ салым кошуп жатышат. Алар жыл сайын бир жарым миллиард доллардан ашуун каражат которуп келет. Бул өлкөнүн экономикасынын өнүгүшү жана калк турмушунун жакшыруусу үчүн зор салым. Ошондуктан, чет өлкөлөрдө иштеп жана жашап жаткан мекендештерибизге мигрант катары эмес, инвестор катары мамиле жасашыбыз керек», - деди депутат Келдибеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости