www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков мамлекеттен каржыланган, ошол эле учурда бирдей милдетти аткарган «Акыйкатчы институтун», же «Кыйноолорду алдын алуу борборун» жоюуну сунуштады. Мындай сунушту эл өкүлү Жогорку Кеңештин комитетинде «Акыйкатчы институтуна абактарга кирип, видео-фото фиксация кылууга уруксат берүү» мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.
Эскерте кетсек, Акыйкатчы институтуна жылына бюджеттен 104 миллион сомдун тегерегинде акча каражаты бөлүнсө, Кыйноолорду алдын алуу борборуна 24 миллион сом бөлүнөт. Аталган мамлекеттик институттар кошумча каражатты чет элдик донорлордон дагы алып, бирдей милдетти аткарып келет.
Толук талкууну биздин Instagram баракчабыздан көрө аласыздар.
Булак: NazarNews.org