www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Сарыбашов кылтакка илинди

Талант Мамытов спикер болгон парламентке асылуулар башталды. Экс-губернатор, экс-мэр Сарыбашовдун артынан сөз көптөн бери башталган. Анын Ош тарапта кадыр-баркы чоң экенин байкап Бишкек шаарына алып келип он күн мэр кылып жоготушкан. Сарыбашов жөн турбай парламентке депутаттыкка талапкердигин коюп, депутат болуп келди. Эми болсо анын артынан түшкөндөр анын жогорку билими жок, жалган диплом менен жүрөт деп иликтей башташты.

Мурунку СДПК партиясынын мүчөсү учурунда Ош мэри болуп турган Таалайбек Сарыбашовге  диплом боюнча суракка чакыруулар башталды. Ал быйыл августта он күн Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп турган. Ак-Бууранын жээгин кооздоп тосмолоо боюнча өткөрүлгөн тендерде «Капитал Курулуш» ЖЧКсы Таалайбек Сарыбашов Ошко мэр болуп турганда өткөрүлгөн. Бул долбоорду бүтүрүү иштери эки жылга чектелип 251 млн 893 миң сом  каралган. Ак-Бууранын жээктеринде 5 миң 400 метр узундукка кеткен бул тосмолор туура кеткенби? 2021-жылдын февралында Ош мэриясы тарабынан бул курулуштарга текшерүү жүргүзүлгөн. Бул долбоор 2020-жылы башталган. Биринчи этапта Бахапов көчөсүнөн Нурматов көчөсүнө чейин 2 жарым километр дарыянын эки жак жээгине тең тосмолор курулмак. Бул жерде кээ бир обьекттер туура эмес мыйзамсыз салынгандар алынмак. Алардын ордуна шаарлыктар эс алуу үчүн тиешелүү курулуштар курулмак. Экинчи этап  Нурматов көчөсүнөн Навои көчөсүнө чейин курулат. Бул жерлерге бала бакчалары, велосипед коючу жапй, көпүрөлөр, велосипед жана жөө жүрө турган жолдор, түнкү жарыктандыруу, отура турган орундар, таштандылар үчүн урналар коюлмак. Ак-Бууранын жээгин кооздоо боюнча иш-чаралар учурунда мыйзамсыз иштерге жол берилген. Кылмыш-Жаза Кодексинин 320 беренеси боюнча иш козголгон.

Аскерлерге бийлик бергенде генералдарга аймактарды тейлете баштайт. Оливер Кромвель Англияны 12 губернияга бөлүп, өзүнө баш ийген генералдарга тейдеткен. Орусия ак падышалары да аймактарын губернияга бөлүп генерал-губернаторлорго бийлик берип келген.

Облустун, ага тете борбордун жетекчилери тууралуу сөз кылсак, булар “курсактары менен сүзүшсө” мамлекет жетекчисине чейин жетет экен. Турдакун Усубалиев Фрунзенин “горкомунан”,Апсамат Масалиев Ысык-Көлдүн обкомунан республика жетекчиси болушкан. Курманбек  Бакиев Чүйдүн губернаторунан, Сооронбай  Жээнбеков Оштун губернаторунан президент болушкан.

Губернатордон өкмөт башчысы болгондор Апас Жумагулов (Чүй), Насирдин Исанов (Ысык-Көлдө облисполком), Борис Силаев (Бишкек мэри), Кубанычбек Жумалиев (Ош), Жумабек Ибраимов (Бишкек мэри), Амангелди Муралиев (Бишкекгорисполком), Курманбек Бакиев (Чүй), Феликс Кулов (Бишкек мэри), Жантөрө Сатыбалдиев (Ош), Сооронбай Жээнбековдор (Ош).

Совет учурунда Султан Ибраимов (Ош), Сүйүмбаев (Ош), Матен Сыдыков (Нарын), Жумгалбек Аманбаев (Нарын-Ысык-Көл), Үсөн Сыдыков (Ош) деген залкар обкомдор болор эле. Эгемендүүлүк алганы элге таанымал губернаторлору:  Кемел Ашыралиев, Жумагул Сааданбеков, Ташкул Керексизов, Мамат Айбалаев, Бекболот Талгарбеков, Аскар Салымбеков, Жусуп Шарипов, Жусупжан Жээнбеков,  Туйгуналы Абдраимов, Бектур Асанов, Шамшыбек Медетбеков, Алмазбек Акматалиевдер.

Баткен облусунда: Мамат Айбалаев, Аскар Шадиев,   Султанбай Айжигитов, Жеңиш Разаков, Өмүрбек  Суваналиевдер.

Нарын облусунда: Бейшенбек Болотбеков, Аскар Салымбеков, Шамшыбек Медетбеков, Алмазбек Акматалиевдер.

Ош облусуна: Жаныш Рустенбеков,Накен Касиев, Жылкычиев, Таалай Сарыбашевдер.

Талас облусуна: Ташкул Керексизов,  Дастан Сарыгулов, Койсун Курманалиевалар,

Жалал-Абад облусуна: Бекболот Талгарбеков, Бектур Асанов, Кыянбек Сатыбалдиевдер.

Ысык-Көл облусуна  Жумагул Сааданбеков, Токон Шайлиева, Жусуп Шарипов, Исаевдер сыяктуу губернаторлордун тизмеси толуп кетти.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости