www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө кайрылып, тиешелүү мамлекеттик органдарга Сириядагы лагерлерде кыргызстандык аялдарды жана балдарды мекенине кайтаруу тапшырмасын берүүнү суранды.

Анын айтымында, Сириядагы лагерде 400-500 кыргызстандык бала жана аял бар.

«Алар ал жакка алданып, окууга деп барып калган. Эми алар Сириядагы жаңы Родж, эски Родж жана Аль-Хол деген лагерлерде жашап жатышат. Ал жерде шарттар аябай катаал», — деди ал.

Ал билдиргендей, лагердеги кыргызстандык жарандардын ата-энелери алар мекенине алып келингенден кийин, реабилитациядан өткөрүүнү өз мойнуна алууга даяр экенин айтышууда.

«Бул маселени калтырууга болбойт. Жардам берүү керек. Алар биздин жарандар, биз аларды ал жакта калтырбашыбыз керек», — деди ал.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости