www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Сурабалдиева энергетика министрин зекиди

Элге "чыдап койгула" деп айткандан уялгыла. Депутат Элвира Сурабалдиева энергетика министри Таалайбек Ибраевди зекиди. 

Ал бүгүн парламенттин жыйынында 30 жылдан бери эч бир ГЭС курулбагандыктан электр энергиясына дефицит жаралып, өчүрүүлөр болуп жатканын айткан.

"Бул убактылуу нерсе, ага чыдап коюш керек. Өчүрүүгө негиз болуп жаткан Токтогул менен Үч-Коргон ГЭСин реконструкция кылып алсак, дагы 40-50 жыл иштейт", — деди аткаминер.

Буга нааразы болгон депутат эл эмес, министр өзү чыдашы керектигин билдирди.

"Элге "чыдап койгула" деп айткандан уялыңыз. "30 жыл бизнес-класс менен учпаган министрлер дагы 30 жыл учпаш керек" деген сөздү мен элдин атынан сиздерге айтам. Министрлер чыдасын. Жарык өчсө караңгыда жүрбөгүлө деп машинаңарды аялдарга, балдарга бергиле анда. Министр мындай сөздү айтпаш керек", — деди Сурабалдиева.

Башкы энергетик учурда электр энергиясы суткасына нормадан 13 миллион киловатт-саатка көп колдонулуп жатканын белгиледи. Ал авариялык кырдаалга жол бербөө үчүн эртең менен кечинде 1-1,5 саатка жарык өчүрүлүп турарын ачык айтты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости