www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл өкүлү Элвира Сурабалдиева парламентте өлкөдөгү соңку саясий окуялардан кийин анын дарегине мурда мыйзамсыздыкка кабылганын айтып кайрылгандар көбөйгөнүн жар салды.

- Шайлоодо коркутуу болуп, четтетип коюшту дейт. "Оокатымды мыйзамсыз тартып алып, бул мамлекетке дешти, бирок иш жүзүндө андай эмес экен" дейт. Коркутуп-үркүтүү көп болду дейт, кайсы жактан маселе болуп жатканын сиздер түшүнүп жатасыздар да. Акыркысы 1 миллиард сомго байланыштуу камалган Токмок шаарынын мурдагы мэринин апасы кайрылып жатат. Ал "Жүрүп жаткан иш-чарага бизди жолотушпайт, эмне болуп жатканы жөнүндө ачык маалымат жок" дейт, - деп айтты эл өкүлү.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева мыйзамсыздыкка кабылдым деген жарандар Башкы прокуратурага кайрылса арыздары сөзсүз каралып, чара көрүлөрүн билдирип, ал эми учурда айтылган маселелерге байланыштуу тергөө жүрүп жатканы үчүн ачык маалымат берилбей турганын, депутаттын өзүнө кат түрүндө билдирерин белгиледи.

Последние новости