www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт менен парламенттеги ал-ахыбал элге кадимкидей таасир этет. Элди кадимкидей кыжаалат кылат. Бул тууралуу депутат Нуржигит Кадырбеков бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Бирөөнүн ызаат, аброюн тебелеп, эч качан ызаат абройго жетпейсин. Күч менен, байлык, бийлик менен, алтын күмүш менен эч ким аброй таба албайт. Бизге чейин канча бий өттү, канча бай өттү? Биз тебелеп турган чөптөр, бир кезде үстүбүздө өсүп турган болот. Топурактан жаралганбыз, кайра топуракка кетебиз. Бул жерде буга чейин канча депутат отурду? Канча министрлер, өкмөт башчы, президент болду? Биз, сизден сенге бир дагы жолу өткөн эмеспиз. Деңгээлибиз ушунча төмөндөп кеттиби?", - деп суроо салды депутат.

Ал бир катар өлкөнү башкарган, тарыхта аты калган инсандарды мисал келтирип, алардын бири дагы бирөөгө үнүн катуу чыгарып, текеберленбегенин айтып өттү.

"Буга чейин эл шоу-бизнес жылдыздарын көп көрөт деп ойлогом, азыр эл парламенттеги талкууну эң көп көрүшөт экен. Бир эле Кыргызстан эмес, бүт дүйнө көрүп жатат. Ошондуктан ынтымактуу бололу. Бул жерден саясий маданиятты көрсөтөлү. Мен деген сайын эл алдында кадыр-баркыбыз түшүп кете берет. Биз кандай болсок, Кыргызстан ошондой болот", - деп сөзүн жыйынтыктады эл өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости