www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 8-февралдагы жыйынында депутат Исхак Масалиев "Ысык-Көл" мейманканасын бузуп, ордуна административдик имарат салууга кайсы орган уруксат бергенине кызыкты. Жыйынга катышып жаткан Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башчысы Токтомамбет Сатышов: “Министрлер кабинетинин программасында камтылган”, - деп жооп берди.
Депутат Масалиев "Ысык-Көл" мейманканасынын бузулушун сындап, текшерүү жүргүүзүнү сунуштады.
“Мен түшүнбөй жатам, сиз айткандай мамлекеттик программа эмес, премьер-министрдин программасы. Бул бир-эки адамдын эле каалоосу. Бул кылмыш. Мен майманкана боюнча комитетте карайлы деп киргизгем. Ушул суроо боюнча архитектура кызматына тез аранын ичинде анализ кылууга тапшырма бериш керек деп сунуш киргизем”, - деди Масалиев.
Президенттин иш башкармалыгы Бишкектеги "Ысык-Көл" мейманканасынын имараты көп жылдан бери колдонулбай, эскирип авариялык абалга келгенин билдирип, аны бузуп ордуна мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплекс куруу чечими кабыл алынганын кабарлаган.
Өткөн жылдын 24-декабрында Бишкектин түштүк бөлүгүндө мамлекеттик резиденцияга жакын жайгашкан "Ысык-Көл" мейманканасын бузуу иштери башталган.
2019-жылы "Ысык-Көл" мейманканасынын имаратына өкмөттүн аппаратын көчүрүү сунушталган. Анда имаратты оңдоп-түзөөгө 60 миллион доллардан ашык каражат сарпталары айтылган. Борбор калаанын түштүк бөлүгүндө жайгашкан сегиз кабаттуу комплекс 1984-жылы Кыргыз ССРинин 60 жылдыгына карата курулган.
Булак: NazarNews.kg