www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл өкүлү кайсы бир мыйзамга каршы же макул добушун бергени үчүн жооп бербейт. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"26-ноябрь күнү "Алянстын" эки депутаты Чыңгыз Айдарбеков менен Эмил Жамгырчиев кыргыз-казак чек арасынан өтүп бара жатышканда токтотулуп, күч органдары мыйзам бузуу менен Жамгырчиевди кармап, аны Бишкек шаарына жеткизген. Анын чет өлкөгө чыгууга болгон укугу бузулду. Жогорку Кеңештин депутатына болгон мындай мамиле туура эмес. Биз бул жагдайды түздөн-түз Жамгырчиевдин Кемпир-Абадга каршы добуш берүүсү менен байланыштырабыз.
Жамгырчиев боюнча 2018-жылы иш козголуп, бирок ал акталып чыккан. Ал эми учурда ал ишти кайра жандантуу аракети жүрүп жатат. Эң негизгиси Жамгырчиевдин үйүнөн дагы, унаасынан дагы үн жаздыруучу аппараттар табылган. Урматтуу депутаттар, эл өкүлү кайсы бир мыйзамга каршы же макул добушун бергени үчүн жооп бербейт. Бул Конституцияда жана регламентте дагы так жазылып турат. Ошондуктан мага жана Жогорку Кеңештин төрагасына күч органдарынын жетекчилери болуп өткөн окуя тууралуу так жана толук маалыматты бүгүндөн кечиктирбестен берип коёт деген ишеничтемин", - деди депутат Акаев.
Төрага Нурлан Шакиев бул маселе боюнча ага күч органдары ошол эле күнү түшүндүрмө бергенин билдирди. Анын айтымында, эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес. Жамгырчиев буга чейинки кылмыш ишинин негизинде гана суракка чакыртылган жана депуттаты кармап кетти деген маалымат чындыкка дал келбейт.
Булак: NazarNews.kg