www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жанар Акаев Садыр Жапаровду тарапкерлерин тыюуга чакырды

Жогорку Кеңештин 14-октябрдагы кезексиз сессиясында КСДП фракциясынын депутаты, 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо «Ата Мекен» партиясынан талапкер болгон Жанарбек Акаев премьер-министр Садыр Жапаровго кайрылып, өкмөткө сын айткан оппозициячыл саясатчыларды куугунтуктабай, алардын сынана көңүл буруп иш алып барууга чакырды.

«Бүгүн биз сизге кемчиликтерди ачык айтып, ката кетирсеңиз көзүңүзгө сайын көрсөтүп турушубуз керек. Оппозиция сөзсүз керек. Сын айтып койгон адамды куугунтуктагандардын тагдыры эмне болгонун билесиз. Эгер сиз туура иштеп, өлкөдө өнүгүү болсо, биз сизди кош колдоп колдоого даярбыз. Бирок кемчилик кетирсеңиз аны сындап турушубуз керек. Мактап-мактап, жардан ары түртүп тургандардан абайлашыңыз керек. Туруктуулук үчүн биз сизди колдоп беребиз. Эми легитимдүү премьер-министр болосуз. Азыр көпчүлүк эл сизди колдоп турат. Муну тана албайбыз. Ошол эле убакта көчөгө 20 миңдеген жаштар, эл, 13 саясий партиянын өкүлдөрү, саясий күчтөр чогулуп, калыстыкты талап кылып чыкпаганда, сиз азыр түрмөдө болот элеңиз. Ошолорду душман көрбөңүз», - деген Жанарбек Акаев окуяда жаракат алган миңден ашык адамга компенсация берүү маселесин кароого үндөдү.

Садыр Жапаров компенсация маселеси каралып жатканын билдирди.

Мындан тышкары Жанарбек Акаев Садыр Жапаровду тарапкерлерине кайрылып, ар кандай радикалдуу коркутуп-үркүтүүнү токтотууга чакырды.

«Мына, Аида Камчыбековна туура маселени айтты. Сиз бүгүндөн калбай тарапкерлериңизге кайрылып, «менин ишимди сындап аткандар болсо аларга калыс мамиле кылгыла, ар кандай радикалдуу күчтөр менен коркуткан туура эмес» деп, өзүңүздүн сөзүңүздү айтып койсоңуз, саясий күчтөр да, баары ыраазы болот эле», - деди ал.

Садыр Жапаров сын айткандарды колдой турганын билдирип, «туура эмес кылсам сындагыла, сын айткан сайын адам түзөлөт» деп жооп берди.

Садыр Жапаровдун тарапкерлери анын дарегине сын-пикир айткан саясатчыларды, буга чейин аны премьерликке шайлоо боюнча кезексиз сессияларда кворум чогулбай калганы тууралуу маселени көтөрүп чыккандарды жана бул тууралуу жазган маалымат каражаттарын ар кандай коркуткан, опузалаган билдирүүлөрү чыгып жүрөт.

14-октябрдагы сессияда вице-спикер Аида Касымалиева да өз дарегине опузалуу билдирүүлөр түшкөнүн айтып, Садыр Жапаровду мындай көрүнүштөрдү тыюуга чакырган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости