www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат шайлангандан бери жыйындарга келбегени үчүн Япония парламентинин жогорку палатасынан чыгарылды. Kyodo басылмасы билдиргендей, бул акыркы 72 жылда биринчи жолу болуп жатат. 

Ёсикадзу Хигаситани GaaSyy каймана аты менен YouTube блогери жана «Сэйдзика дзёси 48 то» деп аталган чакан партиясынын депутаты болгон.

Ал жогорку палатага пропорционалдуу өкүлчүлүк системасы боюнча шайланган, мында орундар ар бир саясий партияга жана анын талапкерлерине берилген добуштардын жалпы санына жараша бөлүштүрүлөт.

Аны мандатынан ажыратууга 235 адам добуш берсе, бирөө каршы добуш берген.

Хигаситани Дубайда жашайт, бирок ал камакка алынгандан корккондуктан Японияга келчү эмес: блогер бир нече кишиге K-POP BTS тобу менен жолугушууну убада кылып, ал үчүн алардан акча алып, алдап кеткен деп шектелүүдө.

Kyodo басылмасынын булактарынын айтымында, декабрь айында жапон полициясы Хигаситаниге анын YouTube постторуна байланыштуу жалган жалаа жана опузалап акча талап кылган деген шек менен суракка келүүнү суранган. Полиция бул айыптоолор боюнча январь айында тинтүү жүргүзгөн. Блогер март айында Японияга суракка келүүгө даяр экенин билдирген, бирок кийин оюнан кайткан.

Буга чейин Хигаситани жыйындарга катышпаганы үчүн кечирим суроого буйрук берилген. Ал кечирим сураганын видеого тартып жөнөткөн, бирок аны жогорку палатада кабыл албай. анын жеке катышуусун талап кылган.

Булак: NazarNews.kg   

Последние новости