www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыйзам түзмө-түз тыюу салат, бул жерде эскертүү эмес, чара колдонулуш керек, деп билдирди депутат Исхак Масалиев («Бүтүн Кыргызстан»), министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун депутаттарга карата айтылган пикирине комментарий берип жатып.

Ал президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып: «Мыйзамда так жазылган. Мүмкүн эмес. Кызматын тапшырып, каалагандай сүйлөсө болот. Маселе жок. Аткаруу бийлиги деген бул - бир киши дайындаган адам, ал эми эл шайлаган депутаттарга, жалпы Жогорку Кеңешке сын-пикир айтканга андай укугу жок болуш керек деп жатам», - деди ал.

«Мыйзамга таянып чара колдонуп, керек болсо, прокуратурага тапшыргыла. Бул Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө кийлигишүү деп эсептелет. Бул мамлекттик кылмыш болуп эсептелет. Буга баа берилиш керек», - дейт Масалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости