www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Байгончоковго метро жана монорельстерге байланыштуу долбоорлор тууралуу суроо берилди.
Депутат Закир Шарапов (Республика-Ата Журт) Бишкекте имараттардын аймагы тротуарларды ээлеп калганын, унаалар көп экенин белгиледи. Борбор калаага метро керек, деди ал.
Депутат Акылбек Кемелов борбор калаага монорельс куруу мүмкүнбү, деп сурады.
Вице-мэр бир кезде алар долбоор катары каралып келгенин айтты.
«Эгер инвесторлор келсе, анда биз карап чыгууга даярбыз», - деди ал.
Булак: NazarNews.kg