www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы жана бардык мүчөлөрүн чакырып, маалымат угууну сунуштады.

Эл өкүлү Наталия Никитенко добуштарды саноодо манипуляциялоо болгонун айтууда.

Ал эми Шайлообек Атазов Ош шаарындагы №8 Төлөйкөн шайлоо округунда одоно мыйзам бузуулар болуп, добуш сатып алуу, административдик ресурс кыянаттык менен колдонулганын белгиледи.

Айнура Осмонова БШК менен кошо укук коргоо органдарын да чакырып, шайлоо боюнча отчёт беришин талап кылды.

Мындай демилгени парламентарийлер Айбек Осмонов, Аманкул Токтомамбетов жана Акыл Кемелов да колдоду.

Ошол эле учурда Тазабек Икрамов айрым мыйзам бузууларды эске албаганда шайлоо таза өткөнүн айтты.

Андан соң жыйынга төрагалык кылып жаткан вице-спикер Аида Касымалиева аталган сунуштун юридикалык жагын тактап көрөрүн билдирди. Ал мындай жагдай шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыялана электе басым катары кабылданбашы керектигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары бүгүн кезектеги жыйынын өткөрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости