www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев менен биргеликте ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Комитет төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков баштаган депутаттар Нурбек Сыдыгалиев, Эркинбек Исеналиев, Улан Примов, Равшанбек Рысбаев, Райимберди Дуйшенбиев, Болотбек Борбиев, Улукбек Узакбаев жана Бекмырза Чолпонбай уулу алгач ИИМдин Атайын багыттагы полкунун жаңы курулган имаратын көрүп чыгышты.
Анда эл өкүлдөрүнө казарма, ашкана, спорттук зал жана машыгуу залы тууралуу маалымат берилип, күжүрмөн техникалар көрсөтүлдү.
Андан соң ИИМдин Эксперттик криминалистикалык кызматы жайгашкан мекемеге барган депутаттар жаңы ачылган ДНК, баллистика, дактилоскопия лабораториялары, курал-жарак коллекциясы, ок-гильзотекасы жана сервердик бөлмөгө күбө болушту.
Иш сапардын алкагында Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын жаңы имараты да көрсөтүлдү.
Иш-чаранын соңунда комитет мүчөлөрү Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Ички иштер министрлигине кызматтык унааларды тапшыруу аземине катышты. Эл өкүлдөрү мындай колдоо өлкөдөгү коопсуздукту, коомдук тартипти жана мыйзамдуулукту бекемдөөгө чоң салым кошорун белгилеп, министрликтин мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалашты.