www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште Кыргызстан менен Өзбекстандын Кемпир-Абад суу сактагычын башкаруу боюнча биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишимди ратификациялоо маселеси каралууда.

Документ Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде биринчи окуудан өтүп жатат. Депутат Ырысбек Атажановдун сунушу менен жыйын жабык эшик артында өтүүдө. Анын демилгесин эл депутаттарынын көпчүлүгү колдоду: 7 макул, 3 каршы.

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров Өзбекстан менен чек ара боюнча келишимдин чоо-жайын комментарийлеп жатып, Кемпир-Абад суу сактагычын өзбек тарап көзөмөлдөп турганын билдирген. Эми өлкөлөр 50/50 үлүштө биргелешкен ишкана түзүп, дамбаны чогуу иштетүүгө ниеттенүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости