www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин 27-апрелдеги жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев баштаган бир катар эл өкүлдөрү Ош облусундагы президенттин өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов "депутат Жалалидин Нурбаевди каралап жатат" деп айтып чыгышты.

Мындан улам ага карата чара көрүү тууралуу протоколдук тапшырма берүү сунушу менен спикер Талант Мамытовго кайрылышты.

"Жалалидин Нурбаев инвестиция алып келип, элдерди жумуш менен камсыз кылып жатса ошону көрө албай инвесторлорду качырып жатат. Ал (Жаныкулов-ред) кызматын таштап Ютуб жылдызы болуп иштесин, же блогер болсун. Жалалидин Нурбаев депутат болгонго чейин жетектеген айыл өкмөт Кыргызстандагы алдыңкы айыл өкмөттөрдүн бири. Ошону каралап жатат", - деди Түмөнбаев.

Мунун алдында, 26-апрелде Ютубга Жаныкуловдун "Рейддин жыйынтыгы. Айыл өкмөттү ээлеп алган Нурбаевдердин кланы" деген аталыштагы билдирүүсү чыккан. Анда текшерүүнүн жүрүшүндө Аравандагы мыйзамсыз берилген жерлер аныкталганын билдирип, анда депутаттын атын атаган.

Депутат Жалалидин Нурбаев өзү азырынча комментарий бере элек. Ал соңку парламенттик шайлоодо бир мандаттуу Араван округунан депутат болуп шайланып келгенче чейин 2014-жылдан тартып аталган райондогу Алля-Анаров айыл өкмөтүнүн башчысы болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости