www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында актуалдуу социалдык-экономикалык багыттагы маселелер көтөрүлдү.

Депутат Медербек Саккараев Чүй районунун Искра айылындагы таштанды полигонунун абалына токтолуп: «Иштеп жаткан полигон 90 пайызга толуп, анын ресурсу дээрлик түгөндү. Мындан тышкары, объект шамалдуу аймакта жайгашкандыктан экологиялык абалга терс таасирин тийгизүүдө», – деген эл өкүлү жаңы заманбап полигон уюштуруу же таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу маселесин карап чыгууну сунуштады.

Ал эми депутат Айгүл Ахмедова аймактардагы мектептер менен бала бакчалардын абалы тууралуу маселени ортого салып: «Алыскы райондордо билим берүү мекемелеринин инфраструктурасын өнүктүрүү маселеси курч бойдон калууда», – деп материалдык-техникалык базаны жаңылоого чакырды.

Депутат Эркинбек Исеналиев Чүй районунун Чүй айылында тогуз айдан бери айыл өкмөтү жок экенине көңүл бурду. Ошондой эле эл өкүлү аталган айылдын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүү керектигин белгилеп, 120 орундуу бала бакчанын курулушун тездетүүнү өтүндү. Анын айтымында, долбоордук-сметалык документациясы 2022-жылы эле даярдалган. Мындан тышкары, Эркинбек Исеналиев жергиликтүү мектептин жылытуу системасын жакшыртуу жана «Ала-Тоо» кинотеатрын реконструкциялоо керектигин кошумчалады.

Өз кезегинде эл өкүлү Азамат Исираилов бир жыл мурда кызматтык милдетин аткаруу учурунда каза болгон Кадамжай райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкери Токтобеков Сыймыктын жакындарына компенсация төлөп берүү маселесин чечүүгө чакырды.

Депутат Нилуфар Алимжанова Ноокат районуна караштуу Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн Чапаев айылындагы жаңы мектепти өз убагында каржылоо керектигин билдирсе, эл өкүлү Токтобүбү Ашымбаева Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Энергетик шаарчасынын тургундарынын №7 стоматологиялык поликлиника боюнча кайрылуусун тааныштырды. Анда белгиленгендей, стоматологиялык кабинеттер башка медициналык мекемелерге өткөрүлүп берилген, бирок ал жактарда тиешелүү шарттар түзүлгөн эмес.

Муну менен катар депутат Нурланбек Азыгалиев Иран, АКШ жана Израилдин ортосундагы кырдаалдын курчушуна, ошондой эле аба каттамдарына киргизилген чектөөлөргө байланыштуу маселени көтөрдү. Эл өкүлү Жакынкы Чыгыш чөлкөмүндө жүргөн Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу керектигин белгилеп, тиешелүү мамлекеттик органдарга кырдаал мындан ары да курчуп кеткен учурда аракеттердин планын иштеп чыгуу жана бул боюнча Жогорку Кеңешке кеңири маалымат берүү тууралуу протоколдук тапшырма берүүнү сунуштады.

Депутат Медер Чотонов Талас шаарындагы капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж жана жаңыдан курулушу зарыл болгон билим берүү мекемелеринин маселесине токтолуп: «Бүгүнкү күндө статистикалык маалыматка ылайык, Талас шаарында 1 жаштан 6 жашка чейинки балдардын саны 4922 түзөт. Ал эми шаардагы 10 мектепке чейинки билим берүү уюмунда болгону 2212 бала тарбияланууда», – деди. Мындан тышкары, эл өкүлү №3 «Солнышко», №17 «Баластан» жана №1 «Алтын балалык» аттуу мектепке чейинки билим берүү уюмдары авариялык абалда деп табылганын жүйө келтирип, жаңы имараттарды куруу керектигин ырастады.

Депутат Эльвира Сурабалдиева Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы Пригородное айылынын тургундарынын бала бакча куруу өтүнүчүн билдирди. Алар бул максатта аянты 0,4 гектар болгон муниципалдык жер тилкеси даяр экенин айтышкан. Мындан тышкары, эл өкүлү борбор калаада аялдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын колдоого багытталган аялдар жүрүшүн өткөрүүгө уруксат берүүнү өтүндү.

Андан тышкары, эл өкүлү Умбеталы Кыдыралиев Бишкек шаарынын Достук кичи районунда жана Ак-Босого жаңы конушунда социалдык инфраструктураны өнүктүрүү маселелерине токтолуп: «Тактап айтканда, Достук кичи районунда откананын курулушу жана Ак-Босого жаңы конушунда канализация системасын куруу маселесин чечүү зарыл», – деген депутат канализациялык жана саркынды суулар айлана-чөйрөгө зыян келтирип жатканын жүйө келтирди.

Депутат Салтанат Аманова Ош шаарынын Жапалак аймактык башкармалыгынын, Учар айылынын, Дача-1 жана Дача-2 конуштарынын тургундарынан түшкөн кайрылууга көңүл бурду. Анын айтымында, 2026-жылы кабыл алынган Ош шаарынын Башкы планында айрым турак үйлөр курулган жер тилкелери жашыл аймак катары көрсөтүлүп калган. Андыктан, эл өкүлү жаңы Башкы планды иштеп чыгууда аталган маселелерди кылдат карап чыгып, тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын белгиледи.

Жыйынтыгында депутат Бекмырза Чолпонбай уулу Жалал-Абад облусунун Атабеков айыл өкмөтүнө караштуу Эркин айылындагы Д. Жунусов атындагы №38 орто мектебине кошумча окуу корпусун курууну капиталдык салымдардын титулдук тизмесине киргизүүнү сунуштады.

Последние новости