www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин 8-апрелдеги жыйынында Бишкектен уурдалып өмүрү кыйылган кыз тууралуу маселе көтөрүлдү. КСДП фракциясынын депутат Дастан Бекешев анда ички иштер министри Уланбек Ниязбековду чакырууну талап кылды. Бекешевдин сунушун «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Наталья Никитенко да кубаттады.

«Жогорку Кеңеш мамлекеттик жогорку кызматта отурган жетекчилердин ишине баа бериши керек. Бул кайгылуу окуяга кайдыгер карап, четте турбашыбыз зарыл», - деди Никитенко.

Анын фракциялашы Айсулуу Мамашева бул маселени Жогорку Кеңештин төрагасынан күн тартибине киргизүүгө чакырды:

«Талант Турдумаматович, уурдалып өлтүрүлгөн Айзаданын маселесин күн тартибине сиз - спикер биринчилерден болуп киргизүүгө тийиш элеңиз. Тилекке каршы андай болгон жок. Кыздардын маселесине кайдыгер карабайлы, Айзада карапайым адамдын кызы болгону үчүн саясаттын көлөкөсүндө калбашы керек».

Төрага Талант Мамытов бул маселени көтөрүү мүмкүнчүлүгү депутаттарга берилгенин белгилеп, киши колдуу болгон кыздын окуясы коомдун трагедиясы экенин айтты.

5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Шаардык милиция аны уурдоого шектүү 31 жаштагы жаран алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирди.

Баштапкы кабарларга ылайык, 27 жаштагы кызды 5-апрелде эртең менен Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер эч кандай реакция жасашкан эмес.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен катталып, иликтөө жүрүп жаткан.

Социалдык тармактарда кызды өз убагында издеп таба албаганы үчүн милицияны сындап, ички иштер министри Улан Ниязбековдун кызматтан кетишин талап кылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости