www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттар жоокерлер менен жолугушту

Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары Райимберди Дуйшенбиев, Табылды Муратбеков жана Жылдыз Эгенбердиева Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 7705 аскер бөлүгүнүн офицердик курамы жана жоокерлери менен жолугушту.

Анда эл өкүлдөрү күч түзүмдөрүнүн мамлекеттин коопсуздугун жана элдин бейпилдигин камсыз кылуудагы өзгөчө ордун белгилешип, жоокерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган айрым маселелер боюнча кеңири пикир алмашты.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин имаратында экскурсия уюштурулуп, кыргыз парламентинин тарыхы, депутаттардын ишмердүүлүгү жана мамлекеттик башкарууда мыйзам чыгаруу органынын ролу тууралуу маалыматтар берилди.

Иш-чаранын соңунда депутаттар офицердик курамдын мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалап, жоопкерчиликтүү кызматты татыктуу аркалап келе жатышканы үчүн Жогорку Кеңештин Ыраазычылык каттарын тапшырышты.

Последние новости