www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттарды кайтаруу эрежеси өзгөртүлөбү?

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Мамлекеттик күзөт жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат.

Министрлер кабинетинин сайтындагы мыйзам долбоорунун негиздемесинде, "Мамлекеттик күзөт жөнүндө" мыйзамды жаңы Конституцияга шайкеш келтирүү үчүн өзгөртүү киргизилип жатканы айтылат. Анда Мамлекеттик күзөт кызматы тарабынан кайтарылуучу кызмат адамдары жана имараттар жаңы тартипте аныкталат.

Өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келген учурда Жогорку Кеңештин депутаттарына жана башка кызмат адамдарына күзөт берүүнү президент аныктаары жазылган.

Мыйзам долбоорун бул жерден окуңуз. 

Азыркы “Мамлекеттик күзөт” жөнүндө мыйзамга ылайык бул маселени аныктоо укугу спикерге берилген.

Ушул эле беренеге ылайык, Кыргызстанда Жогорку Кеңештин төрагасы, премьер-министр, (азыр Министрлер кабинетинин төрагасы) Жогорку соттун төрагасына күзөт берилет. Ал эми Кыргызстандын президенти өз ыйгарым укуктарын аткарып жаткан мезгилде мамлекеттик күзөттөн баш тарта албайт.

Экс-президентти камсыз кылуу, тейлөө жана коргоо мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттин эсебинен жүргүзүлөт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости