www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына № 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу, № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу жана №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга талапкерлерден арыздар түшүүдө.

БШКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер 1970-жылы туулган Эргешов Толкун Турдукуловичтен арыз түшкөн. Ал арызында учурда Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын башчысы кызматын аркалаарын белгилеген.

Ал эми Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде 1992-жылы туулган Мадалиев Асылбек Алтымышовичтен жана 1984-жылы туулган Шадыманов Бакытбек Адылбековичтен арыздар түшүп, алар депутаттыкка талапкер болуу ниетин билдирген.

Эскерте кетсек, КР президенти жогоруда аталган бир мандаттуу эки шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону 2024-жылдын 28-апрелине дайындаган. Депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2024-жылдын 26-мартында аяктайт.

Последние новости