www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаанын унаа токтотуучу жайларын оптималдаштыруу, көчө жана жол тармагындагы жол тыгындарын азайтуу жана шаардын транспорт тармагынын иштеши үчүн шарттарды түзүү максатында, Бишкек шаарынын мэриясы "Бишкек шаарынын аймагындагы муниципалдык авто токтотмолордун жана авто коюучу жайлардын  ишмердигин жөнгө салуу маселелери жөнүндө" Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун долбоорун иштеп чыкты.

Токтомдун долбоорунда төмөнкүлөр каралган:

- Бишкек шаарындагы муниципалдык унаа токтотуучу жайлар жана унаа туруктары жөнүндө жобону бекитүү;
- Унаа каражаттарына унаа токтотуучу жайлардын акысын белгилөө;
- Автоматташтырылган жол акысын чогултуу жана убакытты эсептөө системасы (сааттык төлөм) менен жабдылган унаа токтотуучу жайлар үчүн өзүнчө тарифти киргизүү.

Шаардын борбордук бөлүгү үчүн дифференциацияланган (зоналык) унаа токтотуучу жайлардын акы төлөө системасы сунушталууда. Төлөм зонага жараша 30 сомдон 50 сомго чейин (бекитилген баа) белгилениши пландаштырылууда.

Автоматташтырылган убакытты эсептөө системасы орнотулган унаа токтотуучу жайлардан сааттык тариф алынат:

- алгачкы эки саат үчүн 30 сомдон 50 сомго чейин;

- кийинки ар бир саат үчүн 20 сом.

Автоматташтырылган системасын киргизүү токтотмо орундарына суроо-талап жогору болгон жерлерде узак убакытка калтырылган транспорт каражаттарынын санын  азайтат жана унаа токтотуучу жайлардын инфраструктурасын этап-этабы менен модернизациялоо үчүн шарттарды түзөт.

Бул токтомдун долбоору Бишкек шаардык кеңешинин расмий сайтында жарыяланган: https://www.gorkenesh.kg/ru/draft-decisions-mob/6441-o-voprosakh-regulirovaniya-deyatelnosti-munitsipalnykh-parkovok-i-stoyanok-na-territorii-goroda-bishkek.html.

Последние новости