www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Баткен облусун колдоо үчүн бир айлык маянасын которо турганын айтты.

Жыйындын жүрүшүндө беш эл өкүлүнөн турган "Ыйман нуру" фракциясы менен 13 депутаттан түзүлгөн элдик топ айлыгын бере турганын жарыялады.

Андан соң депутат Кундузбек Сулайманов депутаттардын баарын эле бир айлык маянасын которууга чакырды.

Ал эми Исхак Масалиев бул каражат менен маселе чечилбей турганын, андан көрө министрлер кабинетине тийиштүү тапшырмаларды берип, ири суммада каражат тартуу маселелерин чечип берүүнү сунуштады.

Эл өкүлү Жанар Акаев эгер эмгек акы которула турган болсо даректүү түрдө которуу керектигин айтты. Ал VI чакырылыштын депутаттары дагы жазында Баткенде чыр чыкканда айлыгын берип, бирок каражат беш ай бою колдонулбай турганын мисал келтирди.

Натыйжада ар бир депутат маянасын ыктыярдуу түрдө которо турган болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости