www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттыкка талапкерлер коалиция түзүштү. Себеби

Кыргызстанда бир мандаттуу округдар боюнча талапкерлердин коалициясы түзүлдү. Бул тууралуу 24.kg агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттыгына мурда Биринчи Май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча ат салышып жаткан талапкер Мавлян Аскарбеков билдирди.

Анын айтымында, бир мандаттуу талапкерлер жаңы система боюнча 28-ноябрда өткөн шайлоодо пионер болуп чыгышты.

«Шайлоодон кийин партия лидерлери, партия мүчөлөрү гана нааразы болуп, Борбордук шайлоо комиссиясы, Коопсуздук кеңеши менен жолугушууларды өткөрүштү. Бирок биздин көйгөйүбүздү эч ким көтөргөн да, уккан да жок. Коалиция түзүүнүн максаты – биздин көп сандаган көйгөйлөрүбүздү коомчулукка жана мамлекеттик органдарга жеткирүү», - деди ал.

Талапкерлер президентке жана УКМКнын жетекчисине да кайрылышат. Аткаминерлерди кабыл алып, угууну суранышат.

«36 округдун ичинен Биринчи Май жана Свердлов округунда гана шайлоо болгон жок. Бирок башка райондордо көйгөйлөр көп. Биз бүт процесстен өттүк жана баарын билебиз. Мен ачык эле айтам, таза эмес талапкерлер тарабынан паракорлук болгон. Бирок Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу административдик ресурс колдонулган жок», - деп белгиледи Мавлян Аскарбеков.

Жаңы түзүлгөн коалиция борбор калаанын эки районунда кайра шайлоону таза өткөрүү үчүн күрөшүүнү көздөп жатат. Талапкерлер шайлоочуларды сатып алууга тыюу салууну жана шайлоо процессинин бардык катышуучуларына бирдей шарттарды түзүүнү талап кылышууда.

Эске салсак, Кыргызстанда 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарын шайлоо өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости