www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Камчыбек Жолдошбаевдин тууганы Муктарбек Сыдыков шайлоочуларды ири өлчөмдө сатып алууну уюштурган. Бул тууралуу БШКнын сайтында жазылган.
УКМК Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басарынын БШК төрайымы Нуржан Шалдабековага жазган катында, тергөөдө Муктарбек Сыдыков таратып жатканы тууралуу маалымат алынганы айтылат.
«16-ноябрда Сыдыков төрт шайлоочуга 8 миң сомдон тараткан. Ал өз ыктыяры менен акча берген жана шайлоочуларга түшүндүрмө берген актылардын көчүрмөлөрү бар. Сыдыков пара менен кармалган. Тинтүү учурунда шектүүнүн унаасынан 39 миң сом табылган. Мындан тышкары оперативдүү кызматкерлер Камчыбек Жолдошбаевдин агитаторлорунун үйлөрүн тинтишти. Алардан 138 миң сом жана шайлоочулардын тизмеси табылган», - деп айтылат катта.
Эске сала кетсек, УКМК алдында аталган башкармалыктын кызматкерлери Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин биринин тууганын шайлоочуларды сатып алуу фактысы боюнча кармашкан. Кармалган адам №26 Ленин шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Камчыбек Жолдошбаевдин тууганы болгон.
Булак: NazarNews.kg