www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Москва облусунда болгон терактыга байланыштуу Бишкек ШИИБдин башчысы Азамат Токтоналиев кезексиз кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Кеңешмеде Бишкектин аймагында террорчулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдардын кызматташуу деңгээлин жогорулатуу маселеси каралган.

"Шаардык милициянын башчысы эл көп чогулган жайларда коопсуздукту сактоо үчүн коопсуздук кызматтары менен бирге ири соода борборлорунун, базар, театр жетекчилери менен жыйындарды өткөрүү тапшырмасын берди. ШИИБ башчысы коопсуздук чараларын күчөтүп, көзөмөл камераларын орнотуп, күзөттөгү кызматкерлердин дыкат иштешин талап кылуу керектигин белгиледи", — деп жазылат маалыматта. Аны менен катар эле адам көп чогула турган иш-чараларда жарандардын кийимин, сумкаларын кылдаттык менен текшерүү зарылдыгын айткан

"Крокус сити холл" концерттик залындагы теракт 22-мартта болгон. Белгисиз адамдар элди аткылап, күйүүчү каражаттарды ыргытып, имаратта өрт чыккан. Соңку маалыматтар боюнча, каза тапкандардын саны 60тан ашты, анын ичинде үчөө — балдар. Жалпы жонунан 115 адам жабыркаганы айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости