www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-министр Динара Кутманова жаратылыш ресурстары башчысы катары эмнеге жетишкенин айтып берди.
Анын айтымында, негизги жетишкендиктердин бири Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин түзүлүшү болду. Ал белгилегендей, жаш министрликти түзүү, бекемдөө жана өнүктүрүү узак жана ырааттуу ишти талап кылат.
"Мен бул ишке өз салымымды коштум. Бул тармакка келгенде, баары кандай жүрүп жатканын жана бул жерде системалык коррупция абдан өнүккөндүгүн көрүп үрөйүм учту. Биринчиден, мен бөлүмдөрдүн ичиндеги саботаждарга туш болдум, көптөр бул жерде бир нече жылдар бою иштеп жүрүп, эрксизден түзүлгөн коррупциялык схемаларга тартылып калышкан. Алар өзгөрүүлөргө тоскоол боло баштады. Мен бузулган системага каршы күрөштү баштагам жана көп иштерди жасадым. Бул күрөш мындан ары да уланат деп ишенем", — деп жазды Кутманова "Фейсбуктагы" баракчасына.
Эске салсак, 16-мартта президент Динара Кутманованы кызматтан алуу боюнча жарлыкка кол коюп, ордуна Мелис Тургунбаев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Булак: NazarNews.kg