www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Динара Кутманова:

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин башчысы Динара Кутманова бир күн мурун “Кутманова, кет!” деген чакырык менен чыккан митингчилердин талаптарына жооп берди. Мыдай билдирүүсүн ал жергиликтүү ММКлардын бири менен бөлүшкөн.

Анын айтымында, кызматка дайындалгандан кийин, ал агенттиктин канчалык деңгээлде «ураганына» таң калып, бул жактагы адамдар кантип иштөөнү унутуп калышканына таңданган.

«Бул жерде көптөгөн коррупциялык схемалар бар. Бул жаныбарларды атууга, мергенчилик кылууга, экологияга уруксат берүү жана башка ушул сыяктуу схемалар. Мен адамдардын ишенимин калыбына келтирүү үчүн өзүбүздү тазалайбыз, иш ачык жана айкын болот деп командага жарыя кылдым. Бирок ал сөздөрүм айрым адамдарга жаккан жок», - деди ал.

Кутманованын айтымында ага каршы чыккандар "даяр тамактан" баш тарткысы келбеген адамдар. Алардын бири бекер барууга мүмкүн болгон эл аралык долбоорлор жана чет өлкөлөргө иш сапарлар саналат. Ошондой эле, Кутманова аталган аймакты тар адамдар тобу менчиктештирип алышканы тууралуу да кеп кылды.

«Андай адамдардын башында, мисалы, Байгабыл Төлөнгүтов бар. Анын жеке лабораториясы бар, ал проекттерден акча жана ар кыл шаймандарды алып чыгып кетет. Бул адам жада калса Жогорку Кеңеште депутат 249 миң долларды “Русгидро” долбоорунан чыгаруу маселесин көтөрүп чыкканда дагы талкууланган. Бирок кандайдыр бир жол менен козголгон кылмыш иштери жабылып, ал адамдар өз ордуларында дагы деле отурушат», - дейт Кутманова.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун айтымында, эл аралык долбоорлор боюнча каржылык отчет талап кылганда ишине шалаакы кызматкерлер «жиндеп» кетишкен.

«Алар саботаж кылып башташты жана мага бул нерсе эмне үчүн керек деп сурашты. Алар мага эмнени текшерип, эмнени текшербөөнү айтып башташты. Мындай кызматкерлер тарабынан айлана-чөйрөнү коргоо ишмердүүлүгүнүн бардык тармактары ишке ашпай калган. Баглан Салкмамбетова эл аралык бөлүмдүн башчысы, мен андан үч жыл аралыгындагы бардык иш сапарлардын үлгүсүн келтирип, кайсы бөлүмдөрдөн кеткендигин анализдеп берүүсүн өтүндүм. Алар убакытты тартып, атүгүл принтер бузулуп жатат деп ар кандай шылтоолорду айтышты. 30 жылдан бери иштеп, эч жакка кетпеген адамдар бар экен», - деди ал.

Кутманованын айтымында, өлкө жетекчилигине жасаган билдирүүсүндө кызматкерлер ага ачыктан-ачык жалаа жабышкан. Ал курчап турган чөйрөнү коргоо тутумунда иштеп турган учурунда, дал ушул жогорудагы кызматкерлер аны куугунтукташкан.

Кутманованын айтымында, бул жумушчулардын аларга керексиз лидерлерди кубалап чыгуу схемасы бар.

Эске салсак, бир нече күн мурун Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери нааразычылык акциясына чыгышкан. Буга команданын жаңы жетекчиге болгон нааразычылыгы себеп болгон.

Митингчилер ошондой эле Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов жана Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиковго да кат жазышкан. Кайрылууда алар Динара Кутманова буга чейин айлана-чөйрөнү коргоо тутумунда 1998-2006-жылдары иштегенин көрсөтүшкөн. Анын кызматтан кетүүсүнүн себеби катары финансы отчетторунда көптөгөн мыйзам бузуулар катталганы үчүн иштен куулган деп айтышкан.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости