www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Диний мекемеде иштеген жарандар шайлоого катыша албайт

Диний уюмда же ишканада иштеген жаран шайлоого талапкер болуп катыша албайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров журналисттер үчүн бүгүн уюштурулган маалымат жыйыны учурунда айтты. Журналист ага -  динге жакын адамдар парламенттик шайлоого аттанып жаткандыгы тууралуу суроо берген.

"Биз Кыргызстандын Конституциясы менен жашайбыз. Анда дин мамлекеттен бөлүнгөн деп жазылган. Эгер жаран кайсы бир диний мекемеде иштеген болсо, ал шайлоого катыша албайт", —  деди Жапаров.

Ошондой эле, журналист андан - окуучу кыздардын мектепке жоолук салынып барып жаткандыгы тууралуу оюн сураганда, президент ар бир жаран өзү каалагандай кийинип жүрүүгө укуктуу деп жооп берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости