www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Диний толеранттуулук экстремизмге бөгөт коёт...

Азыр Борбордук Азия өлкөлөрүндө диний кырдаал оор. Чыныгы салттуу динди тутууда, Кудайга ибадат кылууда диндин ички маңызына эмес, сырткы формасына басым койгондор арбын. Мындай ашынган фанаттык экстремизмге жетелейт. Андыктан, ушул жагдайга маани берүү өтө зарыл. 

Кыргызстанда дин тутууга болгон эркиндик бар. Мамлекет тарабынан чектөө, басым жок. Биздин максат да — Жаратканды таанууга болгон эркиндик сакталып, өкүм, таңуулоо сыяктуу күч колдонгон кастык, жиктелүү болбосун деген толеранттуулук багытты кармануу...

Мына ушул маселени динге каршы коюу, ошондой кабыл алуу, же атайлап чагымчылдык жек көрүүнү жаратуу аракети, натура көз караш катары таанылышы кажет. Себеп дегенде, дин — бул адамдардын укугун сыйлоо, кечиримдүүлүк, ынтымакты, акыйкатты жактоо. Биздеги диний акыйда ушул баалуулуктарга негизделиши парз. Чыныгы момун мусулман —бирөөгө залал келтиргенден өзүн оолак кармаган Жараткандын сабырдуу пендеси катары айланасына үлгү болууга тийиш.

Ошондон улам, чыныгы мусулмандарга туура эмес жолду, багытты кармангандардын залалы тийип, динге көлөкө түшүрбөшү шарт. Дин аалымдары дал ушул абалга маани берип, экстремисттик күчтөрдүн коомго болгон зыянын элге туура түшүндүрүшү милдет. Ошондо өлкөдө диний араздашуу, келишпестик, кооптуулук болбойт.

Мамлекеттин милдети дагы жарандарга коопсуз, жаркын келечекти камсыз кылуу. Ар бир адамдын укугун коргоо. Жаратканды таанууга болгон жарандардын эркин ой жүгүртүүсүн сыйлоо. Мамлекеттин дөөлөтү, маңызы ушунда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости