www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дипломат Азамат Алмакунов каза болду

Тышкы иштер министрлигинин 4-саясий департаменттин директору Азамат Алмакунов 45 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматында Азамат Алмакунов тышкы саясат тармагында 2001-жылдан бери иштеп келген.

«Өз ишмердүүлүгүндө ал өлкө президентинин, премьер-министринин жана тышкы иштер министринин деңгээлинде суу-энергетика тармагындагы кызматташтык чөйрөсүндөгү эки тараптуу жана аймактык платформаларда өлкөбүздүн позициясын ийгиликтүү коргоп, улуттук кызыкчылыктарды алдыга жылдырууга чоң салым кошкон», — дейт ал.

Азамат Алмакунов кыргыз-өзбек чек арасын макулдашуу иштерине дагы катышып, Орто-Токой суу сактагычы боюнча өкмөттөр аралык келишимди иштеп чыгуу, ага кол коюу, ратификациялоо жана иш жүзүндө ишке ашыруу боюнча өзбек тарап менен сүйлөшүүлөр процессине активдүү катышкан жана координациялаган, натыйжада суу ресурсы 2018-жылдын июнь айында кыргыз тарапка өткөн.

«1-класстагы кеңешчи» дипломатиялык рангынын ээси. Ал немис тилинде эркин сүйлөгөн.

Последние новости