www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономикалык кызматташуунун жана өнүгүүнүн уюмунун “Пенсия системалары боюнча кыскача обзор – 2025” отчетуна ылайык, дүйнө калкы тез картаюуда жана бул пенсия системалары үчүн олуттуу коркунучтарды жаратууда. 

Отчетто төрөлүүнүн төмөндөшү жана өмүр узактыгынын өсүшү көп өлкөлөрдүн каржылык балансын жабуу кыйынга түшөрү айтылат. Келерки 25 жылда дүйнө өлкөлөрүндө демография кескин өзгөрүп, 2050-жылга карата 20-64 жаштагы 100 адамга 65 жаштан жогору 52 адам туура келет. 2025-жылы бул көрсөткүч 33 болсо, 2000-жылы 22 болгон.

Айрыкча Кореяда Греция, Италия, Польша, Словакия жана Испанияда картаю өсөрү күтүлөт. 
ОЭСР башчысы Матиас Корман келерки 40 жылда эмгекке жарамдуу калктын саны 13% кыскарып, 2060-жылга карата адам башына түшкөн киреше 14% төмөндөшү мүмкүн экенин эскертти. Бул мамлекеттин кирешеси азайып, социалдык жана пенсия чыгымдары өсүшүнө алып келет.

Эксперттер бул көйгөйдү чечүү үчүн эмгекти өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, үй-бүлөнү колдоо, турак жай жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана кош бойлуулукту дарылоону өнүктүрүү маанилүү экенин белгилешет.

Последние новости