www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистан

Пакистандын ар кайсы провинцияларында нөшөрлөгөн жамгырдын натыйжасында каза болгондордун саны 76га жетти.

Улуттук маалымат каражаттарында орун алган кабарга караганда жамгырдан эң көп жабыр тарткан Белужистанда 670 үй жана 12 дамба зыян тартты.

Борбор Исламабаддын H-13 аймагындагы үйлөрдү суу каптап, Равалпиндиде кээ бир жолдор суу астында калды.

Курман айт майрамында (9-12-июль) өлкө боюнча жаан-чачындын жаашы күтүлүүдө.

Германия

Германияда Байройт шаарындагы Социал-демократиялык партиянын (SPD) шаардык кеңешинин депутаты Халил Ташделен үйүнүн алдында расисттер тарабынан кол салууга учурады.

Бавария штат парламентинин депутаты Ариф Ташделен Твиттер аркылуу бир тууганы Халил Ташделенге расисттик кол салуу болгонун жарыялады.

Ташделен расисттик кол салуудан кийин инисинин мурду сынып, ооруканада дарыланганын белгиледи.

Расист кол салуучунун Халил Ташделенге «кир түрк» деп кыйкырып, андан соң кол салганы белгиленди. Окуя тууралуу полициянын тергөө ишин баштагандыгы билдирилди. 

Индия

Индияда катуу жамгыр жаап, сел жүрүп, 15 киши каза болду. Өлкөдө катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп Кашмир шаарындагы Амарнат  Хинду храмынын айланасындагы 25тен ашуун чатыр кулады. 

Жетекчилер окуяда 15 кишинин каза болгондугун, 50 кишинин дайынсыз жоголгондугун билдиришти. 

Индия армиясы окуя болгон жерге издөө  - куткаруу жана саламаттыкты сактоо топторунун жиберилгендигин, өзгөчө жаралуулардын ооруканаларга алып берилгендыгын кабарлашты.

Франция

Франциянын түштүгүндөгү Гард аймагында токойлуу аймакта кечээ башталган өрт уланууда.

Ушул убакка чейин 620 гектар аянт күлгө айланып, учак, тик учак жана 700гө жакын өрт өчүрүүчү менен өрт өчүрүү иштери уланууда.

Өрт болгон аймактардын кээ бир жерлерине "жетүүгө мүмкүн эмес" экендиги билдирилди, ал эми Гард губернаторлугу кээ бир аймактар ​​үчүн кызыл эскертүү жарыялады.

Бордезак жана Бессегес коммуналарындагы чакан поселоктордун тургундары эвакуацияланды.

Өрт өчүрүү кызматы катуу шамалдан улам миңдеген гектардык токойлуу аянттардын коркунучта экенин билдирди.

Жаңы Зеландия

Жаңы Зеландияда биринчи жолу бир кишиде маймыл чечеги вирусу чыкты. 

Stuff News агенттигинин Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүнө таянып берген кабарда Окленд шаарында 30 жаштардагы бир адам маймыл чечек вирусуна чалдыккан. Маалыматта мунун "өлкөдө катталган биирнчи маймыл чечги вирусу бейтабы" экендиги айтылды. 

Өлкө тышы саякатынан кайткан бул кишинин үйүндө карантинге алынгандыгы билдирилген маалыматта жугуштуу экендигине байланыштуу бир белгисинин жок экендиги билдирилди. 

Россия

Россия Сирияда миллиондогон кишиге Түркиядагы Жилвегөзү чек ара капкасынан гуманитардык жардамдардын берилишине мүмкүнчүлүк берген механизмдин кызмат мөөнөтүнүн узартылышына вето койду. 

Жилвегөзү чек ара капкасынан Сирияга гуманитардык жардам жеткирүү  механизминин мөөнөтү 10-июлда (эртең) аяктайт.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Россия менен өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Норвегия менен Ирландия тарабынан сунуш кылынган жана Сирияга чек арадан өткөн гуманитардык  жардам механизминин кызмат мөөнөтүн бир жылга узартууга карата чечимине добуш берди. 

Чечимге 15 мүчөлүү кеңеште 13 өлкө колдоо көрсөтүп, Россиянын чечимине вето коюду, Кытай болсо калыс калды. 

Мыйзам долбоорунун БУУнун Коопсуздук Кеңешинде кабыл алынышы үчүн 15 мүчөнүн кеминде 9 мүчөсү колдоп добуш бериши керек, ал эми туруктуу мүчөлөр АКШ, Россия, Кытай, Англия жана Франция вето укугун колдонбошу керек.

БУУнун Коопсуздук кеңеши 10-июлда башка чечим чыгарбаса, Сирияга эл аралык гуманитардык жардамдар жөнөтүлгөн Жилвегөзү чек ара капкасынын колдонулбай турганы жана өлкөнүн түндүк батышында 4 миллиондон ашуун киши ачарчылык коркунучу менен бетме - бет келет.

Россия, Ирландия жана Норвегия тарабынан сунуш кылынган чечимге вето койгондон кийин Сирияга чек арадан жардам көрсөтүү механизминин кызмат мөөнөтүнүн бир гана 6 айга узартылышы жана өлкөнүн кайрадан курулушу, негизги кызматтарга жетүү үчүн суу, гигиена, саламаттыкты сактоо, билим берүү, электр сыяктуу кызматтарды көрсөтүүнү талап кылган өзүнүн атаандаш мыйзам долбоорун добушка койду. 

Чечимге бир гана Россия жана Кытай колдоо көрсөтсө, АКШ, Британия менен Франция макул болгон жок жана 10 өлкө калыс болду. 

Россиянын мыйзам долбоору БУУнун Коопсуздук Кеңешинде керек болгон 9 добушту ала албагандыктан кабыл алынган жок. 

Батыштык өлкөлөр Сирияда саясий чечим болбостон  өлкөнү кайра куруу долбоорлоруна каржылык колдоо көрсөтүүнү каалабайт. 

 

Последние новости