www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коргонууга кеткен жалпы чыгымдар дүйнө боюнча рекорд жаратты. Бул туурасында РИА Новости Дүйнө көйгөйлөрүн изилдөө боюнча Стокгольм эл аралык институтуна (SIPRI) таянып билдирди. 

"Коргонууга жумшалган жалпы акча былтыр 2443 миллиард долларды чапчыды... Чыгымдар SIPRI мурда каттабаган эң жогорку деңгээлге жетти", — деп айтылган институттун релизинде.

 

2023-жылы коргонууга арбын каражат салган 10 мамлекеттин катарына АКШ, Кытай, Россия, Индия, Сауд Арабиясы, Улуу Британия, Германия, Украина, Франция жана Япония кирген.

SIPRI берген маалыматтарда бул жаатта эки өлкө болуп көрбөгөндөй акча короткон, алар — АКШ (916 миллиард) менен Кытай (296 миллиард). Көрсөтүлгөн сумма башка мамлекеттер кетирген жалпы чыгымдын жарымына туура келет. Муну менен катар эле өткөн жылы Кошмо Штаттар согуштук керектөөлөрүн 2,3 пайызга, Кытай 6 пайызга өстүргөн.

Институттун маалыматында Россияныкы 2022-жылга салыштырмалуу 24 пайызга өсүп, 109 миллиард долларды түзгөн. Ал эми 2014-жылдан тарта 57 пайызга көбөйгөн. Украина 64,8 миллиард доллары менен тизмеде сегизинчи болуп турат. Ал эми 2014-2023-жылдар арасындагы бул тармактагы чыгымы 1 270 пайызга секирген.

Пайыздык көрсөткүч менен алганда аскердик чыгым былтыр баарынан көп Конгодо өскөнүн байкоого болот. Алар бир жыл ичинде 105 пайызга өстүрүп жиберген.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости