www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда жеңил унаа айдоочулары үчүн 10 айлык милдеттүү окуу киргизилгени талкуу жаратты. Ушуга байланыштуу дүйнөдө айдоочулукка канча ай окушат карап көрдүк.
Негизинен окутуу ар түрдүү. АКШ жана Улуу Британияда автошколада окуу милдеттүү эмес. Негизги шарт экзамендерди тапшыруу. Британияда орто эсеп менен 45 саат теория, 20 саат практика талап кылынат, бирок минималдуу чек жок.
Европанын көп өлкөлөрүндө (Германия, Франция ж.б.) автошколада окуу милдеттүү. Германияда окуу адатта 3-5 айга созулат жана белгилүү сааттар каралган.
Япония жана Түштүк Кореяда экзамендер өтө катуу жана көп баскычтуу. Окутуу көбүнчө 2-3 айды талап кылат.
КМШ өлкөлөрүндө (Россия, Казакстан ж.б.) адатта 3-4 ай окутулат.
Адистердин айтымында, узак окуу автоматтык түрдө коопсуздукту арттырбайт. Айрым өлкөлөрдө кыска, бирок катуу экзамен жана көзөмөл жакшы жыйынтык берет. Коопсуздукка жол инфраструктурасы, мыйзамдын аткарылышы жана айдоочулардын маданияты да чоң таасир этет.
Айтор, Кыргызстандагыдай 10 ай окуу жок. Узак мөөнөттү окуунун натыйжалуулугу боюнча так далилдер да жок.