www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тесла жана Твиттердин башкы директору Илон Маск дүйнөдөгү эң бай адам деген статусун жоготту. Эми Louis Vuitton компаниясынын ээси Бернар Арно планетадагы эң бай адам болуп калды. Бул тууралуу «Forbes» журналы жазып чыкты.
Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Илон Масктын байлыгы 74 миллиард долларга азайган. Бул Twitter менен кол коюлган келишимге байланыштуу. Анын жалпы байлыгы 200 миллиард доллардан да азайган.
«Louis Vuitton Moët Hennessy» компаниясынын төрагасы жана башкы директору Бернар Арнонун байлыгы 184 миллиард доллардан ашат. «Forbes Real-Time» басылмасынын маалыматы боюнча, Бернард Арно кечээ, 7-декабрда Бишкек убактысы боюнча саат 21:13тө Илон Маскты басып өткөн. Учурда Tesla компаниясынын негиздөөчүнүн жалпы байлыгы 184,5 миллиард долларды түзөт. Бул Арнодон дээрлик 200 миллион еврого аз дегенди билдирет.
Бернар Арно француз люкс товарларын өндүрүүчү LVMH (Louis Vuitton Moët Hennessy – Louis Vuitton) компаниясынын ээси. Компания Louis Vuitton, Givenchy, Guerlain, Kenzo, Moët & Chandon, Hennessy жана башка бренддер менен кымбат баалуу буюмдарды чыгарат. Компаниянын башкы кеңсеси Парижде жайгашкан.
Эске сала кетсек, 2021-жылы Илон Маск Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безосту басып өтүп, дүйнөдөгү эң бай адам болгон. Ишкер Twitter социалдык тармагын 2022-жылдын апрелинде сатып алууну чечкен. Маск октябрдын аягында Twitter менен келишимди жапкан.
Булак: NazarNews.kg